Меню
Эл-Сөздүк

Ак алып чыгуу

Ак алып чыгуу – алыстан көч аттуу келе жатса, куда-сөөктөрдөн болсо, бурала басып, кыз-келиндер колдоруна ак толтурган (кымыз, айран, чалап ж.б.) аяк-чыны кармап, ошол жүргүнчүлөрдүн алдын тосо чыгуусу. Мында да адептүүлүктө колун карап, суусун сунулат. Даамга бармагын киргизбейт. Жүргүнчүлөр да идишти сыпайы алып, аттын ыйык жалына тийгизип, жутуп, суусундарын кандырышкан. Ыракматтарын айтып, баталарын берип, көч шарт жөнөй берген (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 60-б.).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: